Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?
Бүгүн, 14-июнда TikTok социалдык тармактарда бозгун президенттин иниси Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келгендиги тууралуу видео тарады.
Bulak.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү.
Видеонун түп-нускасын...
Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелип камакка алынган. Ал эми 29-апрелде...
Президенттин жогорку кызматка келген кудалары
Иликтөөчү журналисттер өлкө башчысы Садыр Жапаров кудаларынын мамлекеттик кызматтарга келүүсүн ачыктаган.
Жапаров бийликке келгенден кийин Турусбек Түмөнбаев, Таштанбек Каймазаров, Алмазбек Акматов, Айдар Адылбеков, жана...
“Адал” тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз
Tik Tok социалдык тармагында "адал" тамеки тууралуу маалымат тарады. Аны жарнама кылган айым төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:
“Өзүм дагы чектим достор. Даамы чөпкө окшош. Кыст Аль-Хиндинин...
Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык
Кечээ, 3-апрелде социалдык тармактарда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Жунусовдун аудио сүйлөшүүсү тарады. Анда Жамалдинов айыл өкмөттөн...
Фактчек: Ташиевди колдогон аккаунттар журналисттерди каралоого өттү
Социалдык тармактарда журналисттерди каралоо кайрадан күч алды. Бул ирет шектүү аккаунттар Kaktus Media редакциясынын кызматкерлерине карата кибербуллинг кылууда.
Bulak.kg редакциясы мындай кадамга УКМКнын башчысы...
Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган
11-февраль күнү президенттин Администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдын" Концепциясын көрсөттү. Bulak.kg редакциясы аныктап чыккандай, ал түрдүү булактардан жана Орусиядагы дипломдук иштен 100%...
УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз
13-февраль күнү Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) өзүнүн логотибинин дизайнын жаңылады. Бул тууралуу маалымат телеканалдын соцтармактардагы расмий баракчасында жайгаштырылган. Белгилей кетсек, буга чейин УТРК жаңыланган...
Фактчек: бейөкмөт уюмдарга каршы митингге чыккандар кимдер?
1-февралда 30га чукул адам бейөкмөт уюмдарга каршы митинг уюштурду. Акциянын катышуучулары чет элдик тыңчылар жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын талап кылып, айрымдары жүздөрүн жаап, журналисттерге...
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер?
23-январда Маданият министрлиги “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.
Андан соң социалдык тармактарда басылманы жабууга үндөгөн посттор чыга баштаган.
Эске салсак,...