Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык

Кечээ, 3-апрелде социалдык тармактарда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Жунусовдун аудио сүйлөшүүсү тарады. Анда Жамалдинов айыл өкмөттөн 5 гектар өнөр жай багытындагы жерди калктуу конушка өткөрүп берүүнү талап кылган. Бул окуядан кийин айыл өкмөт башчы облус башчысынын айтканын кылбай, арыз жазып кызматынан кетип калган. 

Аудио сүйлөшүү социалдык тармактарга таркагандан кийин президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү комментарий берип, бул атайын каралоо максатында уюштурулуп жаткан иш деп  билдирди. 

Биздин редакция сөз болуп жаткан 5 гектар жер кимге таандык экенин жана бул жерде кандай кызыкчылыктар бар экенин изилдеп көрдү. 

Бизге келген маалыматтарга ылайык, аталган жер Арапбаев Руслан Арапбаевич аттуу жаранга катталган. Документте Арапбаев жер тилкесин 2022-жылдын 8-апрелинде сатып алганын көрүүгө болот. 

image 1 6 Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык
image Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык

Руслан Арапбаев деген ким? 

Руслан Арапбаев аттуу жарандын “Фейсбуктагы” баракчасында, ал президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун достугунда бар экенин көрүүгө болот. Мындан тышкары, Арапбаев Жамалдинов тууралуу маалымат менен өз баракчасында бөлүшүп турат. 

image 1 5 Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык

Редакцияга өздүк булактар тарабынан келген маалыматка ылайык, Руслан Арапбаевдин буга чейинки толук ысымы Жамалдинов Руслан Арапбаевич болгон. 2020-жылдын июнь айында ал Жамалдинов деген фамилияны өзгөртүп, жыйынтыгында анын толук ысымы Арапбаев Руслан Арапбаевич болуп калганын көрүүгө болот. 

image 1 Фактчек: аудио сүйлөшүүдөгү 5 гектар жер Жамалдиновдун инисине таандык

Руслан Арапбаевдин атасы менен Зиядин Жамалдинов бир тууган экенин бизге мындан тышкары эки жеке булак тастыктап берди. 

Бул жагдай ар кандай багыттагы жерлерди жер мунапысы мыйзамына киргизүүгө аракет кылган учурга туш келди. Башкача айтканда өнөр жай багытындагы жер жеке колго өтүп, калктуу конушка өткөрүп берүү аракети болууда. 

Зиядин Жамалдинов деген ким? 

Зиядин Жамалдинов 2021-жылдын 22-июлунда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин III, IV жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдиновдун ишин сынга алышкан. Алсак, депутат Жусупбек Коргонбай 2021-жылы Ош облусунун губернатору Абдыш-Атага тиешелүү болгон токой чарбасынын жерин үйү менен кошо иниси Арапбай Жамалдиновго өткөрүп бергенин айтып чыккан. Ал эми депутат Надира Нарматова Жамалдиновду аферист деп атаган. 

Мындан тышкары, эл өкүлү Алишер Козуев Жамалдинов жана анын жардамчылары менен кеңешчилери райондун акимдери менен алардын орун басарларына кысым көрсөтүп жатканын айтып чыккан. 

Жыйынтык: 5 гектар жердин ээси Руслан Арапбаев менен Зиядин Жамалдиновдун атасы бир тууган экени чын.