Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 миллиард 371 миллионду түздү

2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,371 миллиард долларды түздү. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.

Тышкы карыз 5,275 миллиард долларды, ал эми ички карыз 5,96 миллиард долларды түзгөн. Тышкы карыздын көп бөлүгү – 1 млрд 367,68 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Мамлекеттик карыз ИДПнын 38,55% түздү.

Өткөн жылдын 30-сентябрына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 1,683 миллиард долларга көбөйгөн.