Бишкекте 18 жаштагы кыз 15-кабаттын терезесинен кулап түштү

Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабат үйдүн терезесинен кулап түштү. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-ноябрда саат 10:34тө милициянын нөөмөт бөлүмүнө үйдүн 15-кабатынын терезесинен белгисиз кыз кулап түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине “Тез жардам” кызматы да чакырылган.

Учурда окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү амалдар аткарылып жатканын белгилешти милициядан.