Баңги аткезчилигине шек саналган кыргыз жараны АКШдан алынып келди

Өлкөгө баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды ташып келүүнү уюштурууга шектелген кыргызстандык АКШдан экстрадицияланды.

ИИМдин маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз ташуу, андан ары сатууга багытталган схема аныкталган.

“2024-жылдын башында АКШнын аймагында убактылуу жашап жүргөн Х.Т. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын көздөп, баңгизатты жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жолу менен жеткирүү каналын уюштурганы аныкталган. Иштин материалдарына ылайык, Х.Т. АКШнын аймагынан кургатылган марихуана гүлдөрүн, ошондой эле психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай эл керектөөчү товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына таризделген эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган. Үчүнчү жактарды тартуу менен баңгизат каражаттары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз сатылган”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана иштин башка жагдайларын тактоо максатында зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.