Камчыбек Ташиев ФИФАнын өкүлдөрү менен футболду өнүктүрүү пландарын талкуулады
Бүгүн Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын аймактык техникалык директору Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адиси Ричард Аллен менен жолугушту. Бул тууралуу...
Акылбек Жапаров Чүйдөгү жеңил унааларды жыйноо жана чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» женил автомобилдерди куроо жана чыгаруу боюнча заводдун курулушунун жүрүшү...
Сузакта адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды
Сузакта адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну...
Бишкекте эки күн кайрымдуулук спектакли өтөт
Бишкек шаарында 20-мартта жана 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында «Үч кичинекей торопой» кайрымдуулук спектакли болот.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-мартта өтчү...
Кочкор районунун акиминин орун басары УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды.
Атайын кызматтан маалымдашкандай, үстүбүздөгү...
Эсептөө палатасы Талас шаарынын бюджетинен 292 млн сом каржылык бузууларды аныктады
Эсептөө палатасы 2022-жылга карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине...
Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балтадагы “Джунда” мунай иштетүүчү заводуна барды
Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Джунда" мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан...
Кыргызстанда май айында электр энергиясына тарифтер көтөрүлөт
КР министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти жөнгө салууну пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, аталган токтом долбоорунун максаты жана...
Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабыларын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан эскертишти.
20-21-мартта төмөнкү жолдорго убактылуу чектөө...
Кантта дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды
Дайынсыз болуп изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды.
Белгилесек, 19 жаштагы Жанарбек кызы Асел ушул жылдын 15-февралында саат 01:30да Кант шаарындагы үйдөн чыгып...