
Абанын өнөр жай ишканалары тарабынан булганышына бир нече айдан бери даттанып жаткан Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды. Шаар башчылыгына Асылбек Жеңишбек келди. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн жаңы мэр Кара-Балта шаарынын активине тааныштырылды.
Дайындоо Кара-Балтадагы курчуп кеткен экологиялык кырдаалдын фонунда орун алды. Жергиликтүү тургундар өнөр жай калдыктарын айлана-чөйрөнү булгап жатат деп ишканаларды, ал эми жооптуу органдарды жетишсиз көзөмөл жүргүзүп жатат деп айыптап, түтүнгө, жытка бир нече ирет даттанышкан.
9-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлдөрү шаарда абанын булгануу деңгээли төрт эсе ашып кеткенин билдиришкен. Адистер зыяндуу калдыктарды чыгарган негизги булактардын бири катары «Азия Сталь» металлургиялык заводун аташкан.
Кийинчерээк Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери ишкананын эритүүчү мешин мөөр басып жаап, аны пайдаланууну убактылуу токтотуу талабы менен сотко кайрылышкан.
Экологиялык жаңжал башка өнөр жай ишканаларына да тиешелүү болду. Алсак, тургундар «Джунда» мунай кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгүнө даттанышкан. Бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда алар жагымсыз жыт, саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу айтып, чара көрүүнү талап кылышкан.
Асылбек Жеңишбек мэр болуп дайындалганга чейин, 2025-жылдын 14-августунан тарта Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким кызматын ээлеп келген.
Ал 1988-жылы Бишкекте туулган, Россиянын ФСБ Академиясын бүтүргөн. Ар кайсы жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК), Энергетика министрлигинде, Жаратылыш ресурстары министрлигинде, Кыргыз геологиялык кызматында жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө эмгектенген.
Кара-Балтанын мурунку мэри Алмазбек Исаков кызматынан 2026-жылдын сентябрь айында кеткен. Ал шаарды 5-февралдан бери башкарып келген. Анын кызматтан кетишинин расмий себептери кабарланган эмес.
Муну менен катар, жаңы мэрдин дайындалышы Кара-Балтадагы экологиялык көйгөйлөр менен байланыштуу экендиги тууралуу расмий түрдө жарыяланган эмес.






