
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Талас облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, президент анда аймактын эли менен жолугушуп, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.
Мындан тышкары, Талас шаарындагы “Талас Арена” борбордук стадионунун ачылыш аземине катышат.






