Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин коюу боюнча БШКга арыз берди

Исхак Масалиев 1960-жылы Ош шаарында туулган. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, андан кийин бир нече чакырылыштын депутаты болгон.

Буга чейин президенттик шайлоого төмөндөгүлөр талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз беришкен:

  • Аймен Касенов;
  • Азамат Эсенбеков;
  • Сыймык Жапыкеев;
  • Акай Кадыров.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.