Бишкекте дем алыш күндөрү салттуу айыл чарба жарманкелери ачылууда

7-8-ноябрда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманкелерде эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарлары сунушталат.

Өткөрүлүүчү даяректер:

Биринчи май районунда 7-8 ноябрдан баштапТ. Усубалиев атындагы аянтта июнь айына чейин ар ишемби-жекшемби күндөрү өткөрүлөт.

Ленин районунда 6-7-8 ноябрдан тартып Жал кичи району. Миңжылкиев- Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде июнь айына чейин ар жума, ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлөт.

Жарманкелер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүп, ортомчулук чыгымдарды азайтууга, ата мекендик фермерлерди колдоого жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыздоого багытталган.