Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр 8-ноябрда саат 5:14тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллга жеткен.