
Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. “Ынтымак Ордодон” кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, Айдит Эркин Бельгия Падышалыгындагы, Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Нидерланды Падышалыгындагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы элчиси, ошондой эле Кыргызстандын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.
Айдит Эркин 2022-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалган. Ошол эле жылдын декабрында Кыргызстандын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалган. 2024-жылдын апрель айында Брюсселдеги ишин айкалыштыруу менен Нидерланды жана Люксембургга элчи болуп дайындалган.






