Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

 Жылуу аба ырайынан кийин 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жааса, 11-ноябрда жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

11-13-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градуска чейин суук болуп, күндүз 2-7 градус жылуу болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…6 градус жылуулук күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…6, күндүз +4…9 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…8 градус жылуулук күтүлөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…9 градуска чейин суук болуп, күндүз +2…7 градус жылуу болот.

Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгын азайтып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот.