Бишкекте эттин баасын көтөргөн сатуучуларга 56 миң сом айып салынды

Бишкектин базарларында эт жана башка азык-түлүктөрдүн баасы текшерилип жатат. Мэриянын маалыматына караганда, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө белгиленген баадан кымбат сатуу фактылары да аныкталган.

Октябрь районунда 2025-жылдын август айынан бери 598 рейд өткөрүлүп, эттин баасын белгиленген чектен жогору койгон сатуучуларга алты протокол түзүлгөн. Аларга жалпы 56 миң сом айып салынган. Свердлов районунда ушул мезгил аралыгында 250 рейд жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, “Ош базары”, “Орто-Сай”, “Алтын Така эт базары”, “Сары-Озон” жана “Азиз базарында” да текшерүүлөр болгон. Өткөн аптада уй жана кой этин сатуу боюнча 106 келишим түзүлгөн. Рейддер баалардын негизсиз көтөрүлүшүн аныктоо максатында уланууда.