
Исакеев жана Оберон көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Кырсыктын кесепеттери тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, Honda Accord, Hyundai Sonata жана Toyota Caldina унаалары сүзүшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Toyota унаасынын айдоочусу экинчи даражадагы жолдон Оберон көчөсүнө чыгып жатып, башкы жолдо келе жаткан унааларга жол берген эмес. Натыйжада кагылышуу болгон.
Ооруканага Honda Accord жана Hyundai Sonata унааларынын айдоочулары, ошондой эле Toyota Caldina унаасынын жүргүнчүсү жеткирилди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Бардык үч унаа тең айып короосуна токтотулду. Жол кырсыгы фактысы боюнча соттук экспертизалар дайындалды.






