
Жалал-Абад облусунун Манас шаарына караштуу Ынтымак айылында курулушу бүтө элек эки кабаттуу имараттан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт 22-ноябрда саат 22:56да толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан үч эркек киши жабыркап, алардын экөө ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, бирөө медициналык мекемеде каза болуп, экинчиси жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчүнчү жаран окуя болгон жерде түтүнгө ууланып көз жумган.
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган. Учурда маркумдардын өздүгү такталып, кырсыктын себептери жана келтирилген материалдык чыгым аныкталууда.






