Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу 12 саат өчүрүлөт

Бүгүн,20-ноябрда «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» жана «Полиция шаарчасы» конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Суу берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин токтотулат. Чектөөлөр турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка объектилерге тиешелүү болот.

Суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

Суу берүү «Контррезервуары» суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат