Депутат тыгын маселеси чечилбесе борборду көчүрүү керектигин айтты

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги тыгын маселесин чечүү зарылдыгын, болбосо борбор калааны көчүрүү керектигин айтты. Бул туурасында эл өкүлү Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, жакында эле кесиптештери менен Ошко барып, ал жакта курулган көпүрөлөрдү көрүп келишкен. Сыдыгалиев ошондой көпүрөлөрдү Бишкектин Чүй проспектиси жана Токомбаев/Абдрахманов көчөлөрү (Түштүк магистраль/Совет көчөсү) сыяктуу эл көп жүргөн кесилиштерде курууну сунуштады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада ушул сыяктуу көпүрөлөр курула баштаганын айтып, И.Айдарбеков/Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушту мисал катары келтирди.

“Кийинки жылы Түштүк магистралда көпүрөнүн курулушун баштоону пландап жатабыз”, – деди мэр.

Нурбек Сыдыгалиев мындай көпүрөлөр салынбаса тыгын маселеси чечилбей турганын белгиледи. “Шаарда жашоочулар күндөн-күнгө өсүп жатпайбы. Биз көйгөйдү ушундай жол менен чечишибиз керек, же борборду башка жакка көчүрүш керек. Ошондо бул маселе чечилет”, – дейт депутат.

Шаар мэри борбор башка жакка көчүрүлсө ал жакта деле элдин агымы көбөйөрүн белгиледи.

Депутат баары көчүп кетпей турганын, Бишкекте деле жашоочулар кала берерин айтты. “Буга уруксат берген архитекторлор күнөөлүү. Ошолор уруксат бербеш керек эле. Көп кабаттуу үйлөрдү Сокулук менен Ысык-Атага кургула десе маселе болбойт эле да туурабы?! А бизде болсо курулушту шаардын чок ортосуна курууга уруксат берилген”, – деп белгиледи Сыдыгалиев.