Милиция туристтик компаниянын жетекчисин кармады

Кичи ажылыкка бараткан 100дөн ашык кыргызстандыктын Ташкент шаарында калып калганы боюнча милиция текшерүү жүргүздү. Анын алкагында умра сапарын уюштуруудагы алдамчылыкка шектелип туристтик компаниянын жетекчиси кармалды.

Бишкек ШИИББден кабарлашкандай, зыяратка бараткан мекендештер жолдомону “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсынан сатып алышкан.

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, туристтик компания зыяратчыларды “Умра” тиркемесине тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстандын аймагы аркылуу сапарга жөнөткөн.

“Мындан тышкары социалдык тармактарга тараган видеокайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 доллардан талап кылгандыгын билдиришкен. Буга чейин Муфтият тарабынан зыярат сапарларын уюштурууда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча аталган компанияга карата эки акт түзүлгөндүгү белгилүү болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 209-берене (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректерде тинтүү иштерин жүргүздү. Анын жүрүшүндө ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуулар боюнча дүмүрчөктөр жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка материалдар алынды.

Ал эми алдамчылыкка шектелип “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсынын жетекчиси, 1983-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, жабыркагандардын санын жана келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмүн тактоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары улантылууда.