
Депутат Дастан Бекешев бир нече министрликтердин иш тартибин өзгөртүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында депутат жол тыгынына каршы күрөшүү үчүн 1-2 жыл мурда университеттерде сабактар саат 10:00гө жылдырылганын эске салды.
“Ошол сыяктуу эле экспериментти бир нече министрликтер менен жасап көрбөйлүбү. Иш убактысынын башталышын саат 9:00гө эмес, саат 7:00гө жылдыралы. Саат 16:00дө жумушу аяктап, үйүндөгү иштерин бүтүрө алышат. Бул жакшы эмеспи. Эмнеге болбосун? Бир нече министрликтерди сынап көрөлү, бул жол тыгынына олуттуу таасир этет”, – деди Бекешев.






