
Аламүдүн районунда эл ташыган №39 автобус менен жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды.
Окуя бүгүн, 25-ноябрда саат 7:20 чамасында Жибек жолу проспектисинде болгон. Күбөлөрдүн алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан бир нече адам жабыркаган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен автобустагы сегиз жүргүнчү жабыркаган. Тез жардам кызматы аларды шаардык ооруканага жеткирген. Учурда жабыркагандардын жалпы саны дагы да такталып жатат.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, автобустун айдоочусу Жибек жолу көчөсүнүн ортоңку тилкеси менен чыгышты көздөй бара жаткан. Калинин көчөсүнө жете электе айдоочу күзгүгө карап, оң жактагы четки тилкеге өтмөкчү болгон. Натыйжада жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп токтогон.
Кайгуул кызматкерлери кырсыктын себептерин жана жагдайларын териштирип жатат.






