Бишкекте айдоочу өзү айдаган автобуска тебеленип каза тапты

Бишкекте 54 жаштагы айдоочу өзү айдаган автобуска тебеленип каза болду. Маалыматты Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 19-ноябрда саат 15:50 чамасында Интергельпо жана Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу каттамды аяктап, транспорттон түшкөн. Бирок автобус өзүнөн-өзү жылып кеткен. Айдоочу аны токтотуу үчүн жүргүнчүлөр түшө турган эшикке чуркап барып, чалынып жыгылган. Натыйжада өзү дөңгөлөктүн алдында калган. Ал эми автобус Toyota Prius жана Mazda 626 үлгүсүндөгү эки жеңил унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу ооруканага бара жатканда каза болгон. Учурда окуянын бардык чоо-жайын текшерилип жатат.