Чаткалда мыйзамсыз алтын казууга байланыштуу аким менен РИИБ башчысы кармалды

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев менен райондук милициянын башчысы Таалайбек Турсунбеков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экөөнөн сырткары дагы эки шектүү жергиликтүү аткаминерлердин жана милиция жетекчисинин колдоосу менен кен чыккан жерлердин биринен лицензиясыз жана тиешелүү документтери жок алтын казып жүрүшкөн.

Казылган алтын сатылып, түшкөн акча акимге жана райондук милициянын башчысына которулуп турганы айтылууда.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен иш козголуп, кармалган төрт киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.