
Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесине ылайык Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри Кулубаев Сейтек Долотбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.






