
23-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында жайгашкан “Кыргызстан маданият үйү” этномаданий көргөзмөсү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анда белгиленгендей, ачылыш азем Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик программасы менен башталып, андан соң расмий өкүлдөр сөз сүйлөштү.
Ошондой эле анда коноктор Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында жайгашкан “Кыргызстан маданият үйү” менен таанышып, кыргыз элинин этнографиялык буюмдарын, улуттук кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн, салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспонаттарды көрүштү.
Иш-чаранын соңунда делегация Топкапы маданий паркында жайгашкан “Серен 1453” тарыхый музейине экскурсия жасады.










