Өлкөдө жашы 18ге чыга электерге электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу каралууда

Кыргызстанда жашы жете электерге электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу каралып жатат. Электр самокаттарды ижарага берген компаниялар кардарлардын жашын паспорт же өздүгүн ырастаган документтер аркылуу текшерүүгө милдеттүү болушу мүмкүн.

Эгерде электр самокаттар жашы жете электерге ижарага берилсе, жеке жактар үчүн 20 000 сом, ал эми компаниялар үчүн 55 000 сом айып пул салуу каралууда.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул демилгени жашы жете электердин катышуусундагы кырсыктарды азайтууга, алардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле көчөлөрдө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган деп түшүндүрүшөт.

Мыйзам долбоору азырынча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан биринчи окууда жактырылды.