Депутат Бишкекке коомдук дааратканаларды курууга чакырды

Депутат Улукбек Карыбек уулу 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекке коомдук дааратканаларды куруу маселесин көтөрдү.

Айтымында, күн мурун ага коомдук жайда заара ушаткан чет элдик жарандын видеосун жөнөтүшкөн. Депутат мындай көрүнүш бир нече жолу болгонун белгилеп, бул маданияттын жоктугу эмес, тескерисинче, Бишкекте зарыл инфраструктуранын жоктугу деп белгиледи.

“2gis маалыматы боюнча, 2025-жылы борбор калаада 156 коомдук даараткана болгон, бирок алардын көпчүлүгү иштечү эмес жана алардын бири да түнкүсүн иштеген эмес. Бардык видеолор түнкүсүн тартылган”, – деди депутат.