
Өлкөдөгү жалпы дарыгердик практика борборлорунун биринде медициналык документтерди мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, анда чет өлкөлүк жарандарга медициналык маалымкаттар берилпи келген.
Комитеттен белгилешкендей, медкызматкерлер иш жүзүндө чет элдиктерди кароодон өткөрбөй, катышуусун талап кылбай, акчалай сый акы үчүн №086 формадагы медициналык маалымкаттарды системалуу түрдө мыйзамсыз тариздеп келишкен. Ал эми медициналык маалымкаттар Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштыруу максатында пайдаланылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында медициналык мекеменин кызматкери А.А.З. жана чет өлкөлүк жаран Ш.Д. кармалды.
Учурда чет өлкөлүк жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.






