Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан кетти

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан кетти. Ал бул кызматта бир жылдан ашыгыраак иштеди.

Буга чейин президенттин администрациясы Садыр Жапаров аймактардагы эл менен жолугушууларда түшкөн жарандардын даттанууларына системалуу талдоо жүргүзүүнү жана көптөгөн көйгөйлөрдүн жергиликтүү деңгээлде чечилбей жатышынын себептерин аныктоону тапшырганын маалымдаган.

Кыязы, Сейтек Кулубаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү чечимин ушундан улам кабыл алган.