
Кыргызстанда 13-ноябрдан 19-ноябрга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 21 миң 624 учуру аныкталды. Мас абалында автоунаа башкаргандыгы үчүн 459 айдоочу кармалды. Мындай маалыматтарды ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аныкталган эреже бузуулардын арасында:
тиешелүү документтери жок унаа башкаруунун 902 учуру;
мас абалында унаа башкаруунун 459 фактысы;
автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуунун 193 учуру;
жөө жүргүнчүлөр катышкан ЖКЭ бузуунун 765 учуру;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуунун 978 учуру;
автобейбаштыктын 33 фактысы;
ылдамдык режимин ашыруунун 1 миң 310 учуру;
жасалма мамлекеттик каттоо номерлери бар унааларды башкаруунун 15 фактысы бар.
Мындан тышкары, жол кыймылынын башка эрежелерин бузуунун 13 миң 928 учуру катталган.
Бир жума ичинде айып короолоруна 3 миң 41 автоунаа киргизилди.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү ЖКЭни сактоого, жолдордо этият болууга жана өздөрүн, айланадагыларды коркунучка кептебөөгө чакырды.






