
Бишкектин борбордук көчөлөрүндө талапка баш ийбеген айдоочу инспекторду унаанын капотунда сүйрөп кетти.
Бишкек ШИИББден маалымдашкандай, окуя бүгүн, 18-ноябрда саат 8дер чамасында Чүй проспектиси менен Ч.Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, инспектор жабыркаган эмес.
Бул факты боюнча 280-берененин 4-пункту (бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми 1991-жылы туулган К.С. аттуу жаран райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, унаасы айып короого
киргизилди.
Башкармалыктан милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата укукка каршы аракеттерди жасоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.






