Бишкекте тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт

Бишкектин борборундагы №21 тергөө изолятору (СИЗО-1) Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норус айылына көчүрүлөт.

Жаңы мекеменин ачылышы 25-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө абагын шаардын борбордук бөлүгүнөн сыртка чыгаруу 2022-жылдын 31-мартында бекитилген жол картасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Жаңы тергөө абагы ЖАМКнын мурдагы №50 мекемесинин аймагында жайгашат, ал 1500 орунга ылайыкталган.

Мекеменин аймагында кызматкерлер үчүн 48 батирлүү турак жай комплекси, спорт залы, ачык спорт аянтчасы жана кызматтык автоунаалар үчүн токтотуучу жай менен кошо курулган.

Жаңы тергөө абагынын ишке берилиши жаза аткаруу тармагынын инфратүзүмүн жаңылоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коопсуздук талаптарын камсыз кылууга багытталганы айтылды.

Бишкектин борборунда жайгашкан №1 тергөө абагы 1943-жылдан бери иштеп келген.

Пенитенциардык тармактагы реформаларга ылайык, Бишкек шаарындагы №47 колония былтыр башка жакка көчүрүлгөн, анын ордуна “Мурас” деп аталган чоң, көп кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплекси курулган.