Коомдук транспортто адепсиз аракет жасады делген жаран өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн

Бишкекте чет өлкөлүк жаран коомдук транспортто адепсиз аракеттерди жасаган деп шектелип, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден кабарлашат.

Маалым болгондой, социалдык тармакка адепсиз мүнөздөгү аракет жасады делген чет өлкөлүк жаранга карата чара көрүү өтүнүчү тууралуу кайрылуу жарыяланган.

Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары 2006-жылы туулган А.G. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ага карата 126-беренеде (“Майда бейбаштык”) каралган укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Текшерүүнүн материалдары тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт. Мындан тышкары мыйзамда белгиленген тартипте аталган чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында мындан ары жүрүү маселеси, анын ичинде өлкөнүн чегинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралат дешет милициядан.