“Чалдыбар” өткөрүү пунктунда унаа кыймылы убактылуу токтотулат

Чүй облусундагы “Чалдыбар — автожол” өткөрүү пункту аркылуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Казакстандын чектеш жайгашкан “Сыпатай Батыр — автожол” бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Чектөөлөр эки этап менен ишке ашат:

  • 23-ноябрдан тартып — Казакстандан Кыргызстанга кирүүчү жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө жарым-жартылай чектөө коюлду;
  • 25-ноябрда саат 01:00дөн тартып — жеңил жана жүк ташуучу унаалардын, ошондой эле автобустардын эки багытта тең өтүүсү толугу менен токтотулат.

Ал эми жөө жүргүнчүлөр чек арадан мурдагы тартипте эле өтө алышат.

Казакстан тараптын алдын ала маалыматы боюнча, бекеттердеги унаа кыймылын 2027-жылдын аягына карата кайра жандандыруу пландалууда.

Буга байланыштуу Чек ара кызматы айдоочуларга жана жүк ташуучуларга каттамдарды алдын ала пландаштырууну сунуштап, Чүй облусундагы башка альтернативдүү бекеттерди (“Ак-Жол — автожол”, “Ак-Тилек — автожол”, “Кен-Булуң — автожол”, “Токмок — автожол”) пайдаланууга чакырат