
Чүй облусунда эки бала октон жаракат алып ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя 17-ноябрда кечке маал болгон. Башкармалыктын маалыматына караганда, 24 жаштагы жаран үйүнөн мылтыкты алып чыгып, көчөдө бараткандарга карата ок чыгарган. Анын кесепетинен 11 жана 13 жаштагы балдар жаракат алышкан.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуянын жагдайлары такталууда.






