Бишкекте айдоочу унаа жуучу жайдын жумушчусун тебелеп кетти

Бишкектин Медеров көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде айдоочу унаасы менен жумушчуну тебелеп кетти. Кырсыктан унаа жуучу жайдын жумушчусу каза тапканын Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Окуя 16-ноябрда болжол менен саат 20:45 чамасында катталган. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, кардар Toyota Camry унаасы менен этиясыздыктан канализациялык люктан чыгып келе жаткан жумушчуну тебелеп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам жеринде каза болгон.

Бул факты боюнча 127-берене (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, унаа айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет.