Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү

Кыргызстанда январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 29,4% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 2026-жылдын январь-октябрь айларында Ички дүң өнүм (ИДӨ) 1 866,4 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5% көбөйдү.

Январь-октябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 8,8% түздү. Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 7,7%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 8%, азык-түлүк эмес товарлар 7,6% кымбаттады. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 12,2% жогорулады.