Сосновкада жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнүн кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 27-ноябрда саат 11:15тен тарта Жайыл районундагы Сосновка постунда күчүнө кирди.

Мындай чечим № 9 Жол-транспорт инспекциясынын сунушунун негизинде жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарына жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.

ӨКМ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат