Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат

Сары-Челек көлүндө туристтер үчүн жаңы шарттар түзүлүп, аймакка жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө коюлат. Анын ордуна 20 электробус каттап, туристтерди көлгө чейин жеткирет. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов “Ачык кабинет” долбоорунда билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш паркынын кире беришине 500 чарчы метрлик визит-борбор курулат. Анда мейманкана үчүн алты бөлмө, даараткана, кафе, дүкөн, коворкинг жана кир жуучу жай болот. Мындан тышкары, көлгө чейинки жол асфальтталып, үч аялдама уюштурулат. Туристтер жол кирени QR-код аркылуу төлөй алышат.

Ошондой эле Сары-Челектин белгилүү жерлерине европалык стандарттагы үч заманбап даараткана орнотулат. Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылга пландалган. Жаңы тартип киргизилгенден кийин көл жээгинде унаа токтотуучу жайлар болбойт.