
Кыргыз мамлекеттик цирки 2027-жылы республиканын бардык аймактарында биринчи жолу гастролдорду өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу анын директору Нурлан Конокбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн алыскы аймактарында цирк оюндарын такыр көрбөгөн балдар бар.
«Нарында жана Таласта циркти бир да жолу көрбөгөн балдар бар. Аларда кандай гана таасирлер жана кубаныч болорун элестетип көрүңүздөр. Бул биздин түздөн-түз миссиябыз жана милдетибиз», — деп белгиледи ал.
Нурлан Конокбаев 16-декабрда артисттер «Гарри Поттер» программасы менен Карагандага гастролго жөнөп кетерин маалымдады.
Мындан тышкары, мамлекеттик цирк келечекте кыргызстандык артисттер АКШда жана Европада өнөр көрсөтө ала турган масштабдуу шоу түзүүгө ниеттенүүдө.
3-декабрга цирк мектебинин ачылышы пландаштырылган, анда балдар цирк өнөрүн үйрөнүп, кийинчерээк кесипкөй труппаны толуктай алышат.
Кыргызстандын аймактары боюнча гастролдордун графиги азырынча жарыялана элек.






