
Экономика жана соода министрлиги өлкөдө энергетикалык суусундуктарды сатууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Министрлик энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүүлүгү өзгөчө тынчсызданууну жаратарын белгилейт. 2026-жылы Бишкекте 231 мектеп окуучусу жана 34 чекене соода түйүнү катышкан сурамжылоодо окуучулардын 22%дан ашыгы энергетикалык суусундуктарды ичери аныкталган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы мындай суусундуктар билим берүү мекемелеринин жанында, калктуу жерлерде жана айрым чекене соода түйүндөрүндө сатыларын көрсөткөн.
Ушуга байланыштуу министрлик 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга энергетикалык суусундуктарды импорттоого, өндүрүүгө, сактоого, дүң жана чекене, онлайн сатууга, ичүүгө тыюу салууну сунуштайт.
Сунушталган чектөөлөрдүн негизсиз колдонулушуна жол бербөө үчүн мыйзам долбоору сергитүүчү суусундуктардын курамын жана тиешелүү мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен аныктоону карайт.






