Өлкөдө айлык акы инфляцияны эске алуу менен көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Түзөтүүлөргө ылайык, жумуш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүнө жараша эмгек акынын чыныгы деңгээлинин жогорулашын камсыз кылууга милдеттүү болот. Индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, келишимдерде же уюмдардын ички эрежелеринде көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.