
Кыргызстанда кар жаап, жаан-чычынга байланыштуу жолдордун көпчүлүк тилкелеринде кардан тазалоо жана тайгакка каршы аралашмаларды себүү иштери жүргүзүлүүдө. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 11-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Бишкек — Ош автожолунун 114-төн 138-чакырымына чейинки жана 198-ден 209-чакырымына чейинки тилкелеринде карды тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүрүп жатат. Унаа кыймылы ачык, каттам камсыздалган.
Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрлөрү үчүн чектөө 11-ноябрь эртең мененки саат 06.00дөн тарта күчүндө. Ал аба ырайынын шарттарына байланыштуу «Сосновка» посту тараптан киргизилген.
Өтмөк ашуусунда да кар жаап жатат, жол кызматтары өтмөк бөлүгүн тазалоодо. Кыймыл ачык. Муну менен катар Суусамыр — Талас — Тараз автожолунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрлөрү үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Ал жолдун 60-чакырымындагы «Алим» жүк ташуучу унаа токтотуучу жайынан тарта күчүндө.
Боом капчыгайында жамгыр жаап жатат, бирок жолдор ачык жана унаа кыймылына чектөө коюлган жок.
Жол кызматтары трассалардын абалына сутка бою көз салууну жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштерди жүргүзүүнү улантууда.
Транспорт министрлиги айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алууга, Жол кыймылынын эрежелерин сактоого, ылдамдыкты төмөндөтүүгө жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.






