
Египетте эки жүргүнчү ташуучу поезд сүзүштү. Алдын ала маалыматтар боюнча, жети адам каза болуп, 110 адам жаракат алды.
Кырсык Каирдин түштүгүндө жайгашкан Эль-Айят шаарына жакын жерде болгон. Гизадан Файюмга бараткан поезд Каирден Асуанга бараткан поезддин куйрук жагын барып сүзгөн, натыйжада бир нече вагон рельстен чыгып кеткен.
«Эль-Айят шаарынын жанындагы поезддердин сүзүшүүсүнөн жабыркагандардын саны 110 адамга жетти, жети жүргүнчү каза болду», — деп билдирди Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги.






