
Бишкектеги Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир аттуу өспүрүм дайынсыз болууда. Жакындарынын маалыматына караганда, Амир 7-ноябрда саат 07:00дөр чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн жөнөгөн.
Бирок жаш курагына байланыштуу аны мелдешке катыштырбай коюшкан. Андан соң өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз кеткен.
Күбөлөр Амирди ошол эле күнү саат 14:00 чамасында “Электро” жайынан көрүшкөн. Болжол менен саат 19:00–20:00дө ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, адашып кеткенин билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
8-ноябрда издөө иштерине куткаруучулар менен альпинисттер кошулган. Издөө учурунда өспүрүмдүн рюкзагы табылган.
Ошондой эле 8-ноябрда саат 05:05те анын телефону Аламүдүн районундагы Восток айылынан сигнал бергени тууралуу маалымат түшкөн. Бирок андан кийинки жайгашкан жери белгисиз бойдон калууда.
Амирдин өзгөчө белгилери:
жашы 15те;
кызыл куртка кийип чыккан, кийин кара түстөгү курткага алмаштырганы айтылууда;
баш кийими сыя түстүү болгон;
кара түстөгү жеңсиз күрмө кийип жүргөн;
жанында экраны бир аз жарылган, ар кандай түстөгү чехолу бар Redmi 11 үлгүсүндөгү телефону болгон.
Өспүрүм Ала-Арча, Адыгине капчыгайы жана Восток айылынын айланасында болушу мүмкүн. Амирдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар тараптардан жакындарына же укук коргоо органдарына кабарлап коюуну суранышат.






