Түндө өлкө аймагында 3 жолу жер титиреди

Түндө Кыргызстандын түштүгүндө үч жолу жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Биринчиси түнкү саат 3:34тө катталып, очогунда күчү 5,5 балл болгон (магнитудасы 5,9). Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 14 чакырым жана Ош шаарынан 110 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан. Бор-Дөбө айылында силкинүүнүн күчү 5 баллга жакын, ал эми жакынкы айылдарда 3-4 баллга чейин сезилген.

Экинчиси саат 3:44тө кайталанып, 3,5 баллга жеткен. Үчүнчү жер титирөө саат 4:50дө болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашып, күчү 4,5 балл болгон. Калк жашаган аймактарда 3,5 баллдан 4,5 баллга чейин жер титирөөлөр сезилген.