Өзүн прокуратуранын кызматкери деп тааныштырган аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте өзүн прокуратуранын полковниги катары тааныштырган аял алдамчылыкка шек саналды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, 38 жаштагы аял буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, аял прокуратуранын полковнигинин формасын кийип, өзүн жогорку кызматтагы кызмат адамы катары көрсөткөн. Ал жарандын ишеничине кирип, мейманкана ачууга көмөк көрсөтүүнү, кызын Кембридж окуу жайына киргизүүнү, арзан баада Түркияга тур сатып берүүнү, батир алууга жардам берүүнү, ошондой эле Башкы прокуратурага байланыштуу маселелерди чечип берүүнү убада кылган.

Мындан тышкары ал пара алууга шектелип кармалганын, шашылыш түрдө каржылык жардамга муктаж экенин айтып карызга акча сураган.

Натыйжада жалпы 21 миң доллар акчаны алдамчылык жолу менен ээлеп алган. Кийин алданып калган жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 38 жаштагы аял камактагы адамдар менен жолугушууларды уюштуруу шылтоосу менен акча каражаттарын алган фактылар аныкталган. Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, прокуратура органдарынын полковнигинин погондору тагылган форма табылган.

Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция шектүүнүн прокуратура органдарына эч кандай тиешеси жок экенин жана бул ведомствонун кызматкери эмес экенин белгиледи.

Башкармалыктан жогорудагы жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо ички иштер органдарына кабар берүүнү өтүнөт. Байланыш номерлери: 102 же 0708 049 244.