Акай Кыдыров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга кайрылды

Акай Кыдыров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга кайрылды.

Бүгүн, 4-ноябрда Кыдыров Акай Имаралиевич президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.

Акай Кыдыров 1991-жылы 16-ноябрда Орусияда туулган кыргыз жараны. Үй-бүлөлүү жана үч баласы бар. Ал англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Орто билимин Новопавловкадагы №2 мектепте аяктаган. Жогорку билимдүү. 2015-жылдан 2021-жылга чейин ал Йокогама жана Нагоя шаарларындагы япониялык 3 компанияны башкарып, эл аралык башкаруу жаатында баалуу тажрыйба топтогон. 2018-жылдан азыркыга чейин ал эл аралык логистикалык компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп иштейт. №19 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке (Парламент) талапкерлигин койгон.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт.