Сорос-Казакстан Фонду Борбор Азиялык CAPS Unlock аналитикалык борбору болуп кайра уюшулду

Сорос-Казакстан Фонду Борбор Азиядагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн изилдөөчүлөрдүн башын бириктирүүнү пландоодо

Сорос-Казакстан Фонду 28 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин Борбор Азиядагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн (ФСК) Борбор Азиялык CAPS Unlock аналитикалык борбору (Central Asian Policy Studies) болуп кайра уюшулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде журналисттер үчүн өткөн брифингде CAPS Unlock борборунун аткаруучу директору Айида Айдаркулова билдирди.

“Аймакка кызыгуу болуп жатканын көрүп жатабыз. Азыр геосаясаттагы өзгөрүүлөрдүн алкагында Борбор Азиянын орду да өзгөрүп жатат, өзүн жарыялоо керек”, — деди Айдаркулова.

CAPS Unlock өз миссиясы катары Борбор Азияда ачык коом түзүүгө колдоо көрсөтүү милдетин көрөт, бул диалог аянтчаларын өнүктүрүү, сапаттуу иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кеп-кеңештерди иштеп чыгуу, ошондой эле аймактагы эксперттик коомчулукту күчтөндүрүү аркылуу ишке ашмакчы.

Мындан сырткары, Central Asian Policy Studies аймак ичинде да, ошондой эле Европа, Түндүк Америка жана Азиянын алдыңкы аналитикалык борборлору менен өнөктөштүктү түзөт.

Уюмдун Камкорчулар кеңешине Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын кадыр-барктуу эксперттери кирди:

Гульнора Бекназарова, социолог, философия илимдеринин кандидаты, “Зеркало” КБнин директору, Тажикстан.
Жулдыз Смагулова, PhD, философия илимдеринин кандидаты, КИМЭП Университетинин билим берүү жана гуманитардык илимдер факультетинин деканы, Казакстан;
Медет Тюлегенов, политолог, Борбор Азия Университетинин “Жарандык коом демилгелеринин” ага илимий кызматкери, Кыргызстан;
Юлий Юсупов, экономист, Center for Economic Development директору, Өзбекстан.

Ошондой эле, CAPS Unlock борборунун аткаруучу директору Аида Айдаркулова Борбор Азиянын окумуштууларын дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү кесиптештери менен башын бириктирип, онлайн жана офлайн форматындагы эксперттик талкууларды уюштураарын белгиледи.

Мындан сырткары, аталган уюмдун максаты Борбор Азиядагы алдыңкы эксперттик хаб болушун жана актуалдуу маселелердин чечимин биргелешип издөө үчүн билимдер менен ой-пикирлерди алмаша турган мейкиндик экендиги айтылды.