Фактчек: Ташиевди колдогон аккаунттар журналисттерди каралоого өттү

Социалдык тармактарда журналисттерди каралоо кайрадан күч алды. Бул ирет шектүү аккаунттар Kaktus Media редакциясынын кызматкерлерине карата кибербуллинг кылууда.

Bulak.kg редакциясы мындай кадамга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди мактап, анын оппоненттерин каралаган колдонуучулар барганын аныктады.

Бийликтин расмий эмес “маалымат кызматы”

Айка Мусаева – Kaktus Media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслованын сүрөтүн колдонуп, аталган ЖМКны жабуу керектиги тууралуу пост жазган колдонуучулардын бири.

image 28 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Мусаеванын баракчасында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана анын бир тууганы Шаирбек Ташиевди, президент Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди алкыштаган билдирүүлөр байма-бай чыгып турат. Мындан тышкары, колдонуучу өз баракчасында расмий пресс-релиздер жана саясатчылардын цитаталары менен бөлүшүп турат.

image 28 1 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Мында Айка Мусаева президент менен башкы прокурордун күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 конушуна келгени тууралуу өлкө башчынын маалыматтык саясат кызматынын пресс-релизин чыгарган.

image 28 2 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Дагы бир постунда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктаган текстин жарыялаган.

image 28 3 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Ал эми бул билдирүүдө Ташиев коррупцияга каршы күрөштө мыйзамды гана карманып, тааныш-билиштикке жол бербеси айтылат.

image 28 4 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

УКМКнын жетекчисине арналган дагы бир пост: “Акем карапайым элдин сообуна кылды. Бали!” деген сөздөр менен коштолгон. 

image 28 5 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Ал эми активисттерге карата  бул колдонуучунун мамилеси таптакыр башка. Маселен, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү массалык түрдө камакка алынганда Айка Мусаева Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованы ички душман деп атаган.

image 28 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Ысымын өзгөрткөн фейк

“Фейсбукта” Лира Календерова аттуу колдонуучу дагы журналисттерди каралоо менен алектенет. Ал буга чейин  “Жамал Бийназарова” деген ысым менен иштеген фейк-аккаунт. Bulak.kg редакциясы бул аккаунт тууралуу “Фактчек: Социалдык тармактарда Kaktus.Media менен “Азаттыктын” жабылуусун талап кылгандар кимдер?” деген макаласында айтып өткөн. 

Аталган макала жарыяланган күнү, 2023-жылдын 31-январында колдонуучу өзүнүн башкы сүрөтүн жана мукаба сүрөтүн өзгөрткөн.

Жамал Бийназарованын логини менен иштеген аккаунт “Клооп” басылмасынын жабылышы боюнча дагы билдирүүлөрдү жарыяланган. Андан соң ал “Азаттыкты” жана иликтөөчү журналист Болот Темировду каралоого өткөн.   

image 29 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Азыр бул колдонуучунун “аты” Лира Календерова жана Kaktus Media журналисти Марат Уралиевди, адвокат Канат Хасановду жана Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самойкожону каралоо менен алек. 

image 29 1 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 
image 29 3 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 
image 29 2 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Белгилей кетсек, бул фейк-аккаунт үч постто тең кастык тилин колдонгон. 

Ал эми Yasmin Kudratulla аттуу дагы бир фейк-аккаунт депутат Мирлан Самыйкожону каралаган пост менен активдүү бөлүшкөн.  Дал ушул кодонуучу үстүбүздөгү жылдын январь айында “Азаттык” менен Kaktus.Media басылмаларынын ишмердүүлүгүн токтотууга үндөгөн билдирүүлөрдү эң көп жарыялаган.

image 29 Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Лира Календерова аты-жөнүн өзгөрткөндөн кийин өзүнүн баракчасына дээрлик эч нерсе жарыялабайт. Бул колдонуучу бардык постторду ар кандай топтордо гана калтырат.

Белгилей кетсек, Календерова бир билдирүүсүндө УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге болушуп, Kloop.kg басылмасын сынга алган. Эске салсак, буга чейин Kloop.kg Ташиевдин сүйлөгөн сөзүнө контент-анализ жасаган. Бул фейк-аккаунтка жакпай калган. 

jnFXwHeQZWL6A1rKjjvi3R8V4LcqeDlw9 fLsXvk0JaknEfy2wH Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Жаңы профиль

Жыпара Турдукулова аттуу колдонуучу негизги сүрөтү жана мукаба сүрөтү жүктөлгөн күнгөн караганда, “Фейсбукта” жакында эле, 2023-жылдын 11-январында катталган.

Ал өзүнүн лентасында эч нерсе жарыялабайт, бирок ар кайсы тайпаларда Kaktus.Media жетекчиси Дина Маслованы каралоо менен алек.

Aq65x TW4T7WTIZXt2jkmofEZYrydScaeVz2WzhmtorG8CuB1BoJnJGc4pcGIZoj l 8CcmUdlOvvLPDeHY SU2ox1b4ckVtPT6hX97KufuPoY1GZ vWYFypmSAu9zh6FdvTpu5eV9NN Фактчек: Пользователи, восхваляющие Ташиева, занимаются онлайн-травлей журналистов 

Bulak.kg социалдык тармактарда кибербуллинг менен алектенген фейк-аккаунттарга көзөмөл жүргүзүүнү улантат.